Искендер Матраимов: Тилек Матраимов учурда Covid-19 болуп ооруп жатат

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кызматына кайтты деген журналист  Ыдырыс Исаковдун айтканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу билдирүүнү бир тууган агасы Искендер Матраимов маалымдады.

-Ыдырыс Исаковдун өздүк баракчасына иним Тилек Матраимов тууралуу жазганы чындыкка дал келбейт. Учурда ал Covid-19 болуп ооруп жатат. Ыдырыс иниме да Кудай ыйман ынсап берсин. Учурда Тилек Матраимовдон башка чечилбеген маселе толтура. Ээн ооздук эркекке жарашпаган нерсе, мейли, бул жигитке дагы Кудай ыйман берип калаар,- деди Искендер Матраимов.

Мындан тышкары депутат элге так эмес маалыматты таратып дүрбөлөңгө салган Ыдырыс Исаковго ден-соолук каалап, элдин аң сезимин өзү каалагандай черткилебөөнү суранды.

Эске салсак, буга чейин,Ыдырыс Исаков өзүнүн  социалдык тармагына сүрөт киргизип, Тилек Матраимов кызматына кайтып келди деп жазган.