Түркияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости  Жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (AFAD) маалыматына таянып кабарлады.

Жер титирөөнүн очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измир аймагындагы Сеферлихисар шаарында жайгашкан.

Маалым болгондой, Түркияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, алты адам каза таап, 202 киши жарадар болгон», — деп жазылган маалыматта.

Зилзаладан көп кабаттуу имараттар талкаланып, уранды алдынан 70тен ашык адам алынып чыкканы кошумчаланды.