ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө

Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 30-октябрында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине   175  кылмыш, 137 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы