ИИМдин Академиясында кыргыз милициясынын кесиптик майрамына карата өздүк курамды куттукташты. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматынан кабарлады.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги  кесиптик майрамга карата Академиянын өздүк курамын куттуктап, кезектеги атайын наамдарды, сыйлыктарды ыйгарды.  ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т.Абитов өзүнүн куттуктоо сөзүндө милиция азыркы оор кырдаалда өзгөчө зор жоопкерчилике ээ болуп жаткандыгын белгилеп жалпы курамга ден-соолук, кажыбас кайрат жана иштерине ийтилик каалап кетти.  Азыркы эпидемиологиялык абалга байланыштуу, майрамдык иш-чара болум башчыларынын гана катышуусунда, санитардык-гигиеналык ченемдерди  сактоо менен отту.

Андан тышкары, ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Академиянын ардагерлери менен жолугушууга барышып,  майрамы менен куттуктап, чакан белектерин тапшырып кайтышты.