Кыргызстан 2021- жылы республикалык бюджеттен ички жана тышкы карыздарды төлөө үчүн 35 миллиард 349 миллион 900 миң сом бөлүнүшү керек. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2021-жылга карата бюджетинин долбоорунда айтылат.

Ага ылайык, ички карыздарды тейлөөгө 15 миллиард 351,3 миллион сом керектелет. Анын ичинен:

Негизги сумма — 10,82 миллиард сом;

Пайыздар — 4,53 миллиард сом.

Тышкы карызды тейлөөгө 19 миллиард 998,5 миллион сом керектелет. Анын ичинен:

Негизги сумма — 15 миллиард сом;

Пайыздар — 5 миллиард сом.

Экөөнү тең кошуп эсептегенде 2021-жылы мамлекет 35,35 миллиард сом карызын төгүүгө милдеттүү. Анын ичинен:

Негизги сумма — 25,82 миллиард сом;

Пайыздар — 9,5 миллиард сом.