Экономика

2020-жылы өлкөдө салык 2 млрд. сомго аз чогулду

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын тогуз айында 55 млрд. 55,2 млн. сом салык жана төлөм чогултту. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Анда айтылгандай, муну менен план 96,2 % аткарылды жана салык 2 млрд. 170,3 млн сомго кем жыйналды. Мекеме салыктардын кыскарышын коронавирус пандемиясынан улам жыл башында ишканалар чектөөгө калганы менен байланыштырат.

Тогуз айдын жыйынтыгы 30-октябрда мекеменин коллегиялык жыйынында талкууланды. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев анда бул убакыттагы ишмердүүлүк тууралуу маалымат берди.

31-октябрда өкмөт аппаратынан кабарлашкандай, кечээги жыйынга биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков катышып, салык кызматынын аракеттерине оң баасын берди. Мындан сырткары ал мекемедеги бир катар кемчиликтерди көрсөтүү менен салык кызматынын ишиндеги жакынкы мөөнөткө карай артыкчылыктарды белгиледи.

«Мамлекеттик салык кызматы «жазалоочу органдын» образынан кайтып, калк жана бизнес үчүн тейлөө көрсөтүүчү органга айланышы керек. Салык кызматын реформалоо салык администрациясын санариптештирүү, ошондой эле «Смарт Салым» салыктык башкаруунун санариптештирүү долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр менен байланышты электрондук аралыктагы форматка ыкчам өткөрүү жолу аркылуу ишке ашырылат»,-деген жыйында Артем Новиков.

2020-жылдын бюджети кайра такталгандан кийин Мамлекеттик салык кызматы быйыл 75 млрд. 828 млн. сом салык чогултуу планын бекиткен. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button