Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунда 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүн 96 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы кабарлады.

 Жыл сайын 1-ноябрь күнү Кыргыз милициясы өзүнүн негизделген күнүн белгилейт. Бул мааракелүү күнгө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын түзүмдөк бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар болуп, биринчи жана кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, медаль, ардак грамоталар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын генерал-майору Талантбек Исаев “Милиция кызматкери ар дайым мамлекеттин тынчтыгын, коомдук коопсуздугун, жарандардын бакубат жана тынчтыкта жашоосунун кепилдиги болуп келет. Бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздерге жана сиздин үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, ачык асман каалаймын” – деп өз сөзүндө белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.