Милиция кызматкерлеринин элдин ишеничин актап, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрөт деп сиздерге терең ишенем. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргыз милициясынын күнүнө карата куттуктоосунда айтты.

Куттуктоонун текстин президенттин маалымат кызматы таратты.

Жапаров милиция кызматкерлеринин муундан-муунга сиңген эмгегин мамлекеттик деңгээлде таануу, алардын өтөп жаткан кызматына коом сый көрсөтүү керек экендигин белгиледи.

«Учурда милициянын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик милдеттерин терең билип, коомдо жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн татаал шарттарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарууда. Мыйзамдын, адам укуктарынын сакчылары болуп, уюшкан, улут аралык мүнөзгө айланган кылмыштуулукка, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүп келет. Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көздөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрөт деп Сиздерге терең ишенем,» – деди.

Ошондой эле, Жапаров коомдук тартипти сактоодо жарандардын жардамына да токтолуп.


«Өздөрүнүн көп жылдык билимин жана тажрыйбасын жаш муундарга берип жаткан урматтуу ардагерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Биз өлкөдөгү коомдук тартипти сактоодо жөнөкөй жарандардын жардамына таянабыз жана алардын пикирлерин жогору баалайбыз», – деген президенттин милдетин аткаруучу.

Жапаров милиция кызматкерлерине жана жакындарына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай жана өтөп жаткан кызматына ийгилик каалады.