Социалдык тармактарда КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду коррупциялык иштерге тиешеси бар кеңешчилерди дайындаганы үчүн жеке камакка алат деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды мамлекеттик бийликтин жогорку жетекчилеринин кадыр-баркын түшүрүү максатында атайылап апыртылган жалган билдирүүлөрдү социалдык тармактарда жайылтпоого чакырат.

УКМК жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.