Арстан Алай президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

БШКга кезексиз президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан талапкерлерден арыздар келип түшүүдө.

Экинчи билдирүү бүгүн келди. “Кыш болбойт” деген атактуу сөздүн автору Арстан Алай өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка ат салышат. Ал өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары барат.

Маалым болгондой, Арстан Алай президенттик шайлоо өнөктүктөрүнө үзгүлтүксүз катышып турат. Буга чейин ал Кудай дайындаганын, 2020-жылы ааламдын президенти болорун айткан. 2019-жылы анын тарапкерлери Кыргызстандын азыркы экс-президенти Сооронбай Жээнбековдон “бийликти тынчтык жолу менен Арстан Алайга өткөрүп берүүнү” талап кылышкан.

Буга чейин документтерди БШКга “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров тапшырган.

Эске салсак, Мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.