Кытай Кыргызстан менен жүк ташууну көбөйтүү үчүн бир катар талаптарын койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

4-ноябрда Бажы кызматынын борбордук аппаратында ишкерлер менен жолугушуу өткөн. Ага мекеменин төрагасы Кадыржан Семетеев, экономика министринин орун басары Элдар Алишеров, Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү катышкан.

«Анда тышкы экономикалык ишмердүүлүктү аркалагандарга 3-ноябрда кытай тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кыргыз тарап Торугарт өткөрүү пунктунун ишин саат 9:00дөн 18:00гө чейин узартууну сунуштаганы боюнча кабардар болушту», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кытай бир нече талап койгон:

—  транспорт каражаттарынын жана чиркегичтердин санитардык-техникалык абалын сактоо;

—   бузулган жана эски унаалардын ишине жол бербөө;

—  жүктөрдү өткөрүп жатканда транспорт каражаттарынын техникалык параметрлеринин дал келишин эске алуу;

— Кытай компанияларынын Кыргызстандагы коопсуздугун камсыз кылуу.

Жогорудагы талаптар аткарылса Кытай жүк ташуунун көлөмүн кыйла көбөйтөрү белгиленди. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары талаптарды так аткарууну убадалаган.

Бажы кызматынын төрагасы Семетеев аталган өлкө менен сүйлөшүүлөр уланарын кошумчалады.