Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдилаат Дооровдун Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган, “Исхак Раззаков- Аруулук асманы” аталышындагы китеби жарык көрдү. Бул тууралуу журналист Абдиллабек Авазов социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Китеп- Улуу инсан – Исхак Раззаковдун өмүрү, тарых-таржымалы жана ишмердүүлүгүнө арналган. “Улуу тоолор” басмаканасынан 1000 нускада (31 басма табак, 490 бет) жарык көргөн.
Маалымат катарында, акын, журналист Абдилаат Дооров 1953-жылы 1-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жарык дүйнөгө келген. Акындын 1998-жылы “Миң тамыр”, 2010-жылы. “Гүл-гүл” ырлар жыйнагы чыккан.
Анын улуу уулу Төрөкул Дооров – “Азаттык” үналгысында эмгектенет. Азыркы тапта ал Казак кызматынын директору.
Андан кийинки уулу Сүйөркул – сүрөтчү.
