Казакстанда акыркы бир суткада 494 киши коронавирус жуктуруп алып, жети бейтап каза болду. Алардын бирөөндө COVID-19 лабораториялык жол менен аныкталган эмес.

Жаңы катталган учурлардын жарымына жакыны же 222си Чыгыш Казакстан облусуна туура келет.

Мындан тышкары сутка ичинде COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан 209 бейтапка «коронавирустук пневмония» диагнозу коюлду.

Жалпы өлкө боюнча пандемия башталгандан бери вирус жуктургандар 114 235 кишиге жетип, алардын 107 139у айыгып чыкты. 1 873 бейтап каза болду.

Августтан тартып өзүнчө эсептелинип жаткан «коронавирустук пневмонияга» 38 490 киши кабылды. Алардын ичинен 28 963 адам айыгып, 406сы көз жумду.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) сунушуна таянып, COVID-19 менен «коронавирустук пневмониянын» статистикасын бириктирбей келет. Ошол эле маалда ДССУ августтан бери өз сайтына Казакстан боюнча бириктирилген маалыматтарды жарыялоодо.