Үстүбуздөгү жылдын 3-ноябрында АКШда президенттик шайлоо өттү.

Эки күндөн бери шайлоо комиссиялары добуштарды эсептеп бүтө албай жатышат. Бирок, Мичиган штатында жеңишке жетишкенден кийин демократ Джо Байден шайлоочулардын жеңишти камсыз кыла турган 270 добушунун 264түн утуп алып, азыркы президент Дональд Трампты 50 добушка артка таштаган соң (президент 214 добуш алган) чыр чыкты. Чырды Дональд Трамп баштады. Ал массалык фальсификациялоого жол берилди, масштабдуу афера даярдалып жатат деп, добуштарды эсептөөнү токтотууну талап этип, АКШнын Жогорку Сотуна кайрылуу ниетин билдирди. Бул туурасында News.ru маалымдады.

Америкалык аналитиктердин пикири боюнча,  Трамптын добуштарды эсептөөнү токтотууга түрткү берген факт 100 миллион добуштун алдын ала почта менен же күн мурунтан берилгени болуп эсептелет. Бул цифра, убагы келгенде президенттик жарыштын тагдырын чечип кое турган күчкө ээ.

Бул чырдын аягы эмне менен бүтөтөт, азыр айтуу кыйын дешет, эксперттер.