Садыр Жапаров Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишиндеги ийгиликтерди каалады, ал эми Кыргызстан элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Андан соң Өкмөт башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулады.
Тараптар келечекте эки өлкө аралык өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, жакшы коңшулаш мамиленин чыңдалышына ишеним билдирди.