Бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү Ак үйдүн айланасындагы тосмону буза баштады.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жаңы спикери Талант Мамытов Ак үйдүн айланасындагы президенттин кеңсеси жайгашкан жана Жогорку Кеңеш иштеп жаткан тосмону бузууга убада берген.

«Мен Ак үйдүн тосмосун алуу демилгесин колдойм, биз элге жакын болуп, алардын кызыкчылыгы үчүн иштешибиз керек»,- деген ал.

Бишкек шаарынын м.а Балбак Түлөбаев спикер Талант Мамытовдон кат келип түшкөндүгүн жана алар буйрукту аткарып жатышканын айтты. Ал тосмону бузууга кете турган сумманы атай албайт. Бирок ал тосмо азырынча кампада сакталаарын белгиледи.

Балбак Түлөбаев мемориалдык такта сакталып калаарын баса белгиледи. Ошондой эле, алар тосмо орнотулган фундаменттер калтырыла турганын кошумчалады. Анын айтымында, бул коопсуздук үчүн керек. Ал эми коопсуздук жана башка суроолор боюнча спикер Мамытовго кайрылуу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде, Мамытов тосмо Жогорку Кеңештин ишине кандайдыр бир деңгээлде жардам берген жок жана буга эч кандай муктаждык жок экендигин айтты. Ак үйдү коргоо маселесине келсек, ал Садыр Жапаров Өкмөт үйүнөн иштей тургандыгын жана Ак үй толугу менен бөлүмдүн карамагына өткөнүн айтты.