Өзбекстан Кыргызстанга акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам берет. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда билдирген.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Руслан Казакбаев Өзбекстанга жумушчу сапары менен барып, анын алкагында Абдулла Арипов менен кезиккен.

Арипов өзбек тарап Кыргызстанга реформа жасоодо колдоо көрсөтөрүн айтып, экономиканы өнүктүрүүдө жана коронавируска каршы туруу үчүн азык-түлүк жана каржылык-техникалык жаатында жардам бере турганын билдирген.

«Мындан сырткары, өзбек тарап Кыргызстанда ден соолукту чыңдоо боюнча мекеменин курулушун баштоого даяр экенин айткан. Өзбекстандын премьер-министри эки өлкөнүн каржы жаатында кызматташуу боюнча 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган келишимин ишке ашыруу маанилүү экенин белгилеген», — деп жазылат маалыматта.

Коңшу мамлекетке болгон иш сапарынын алкагында Казакбаев Ташкент шаарына орнотулган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл койгон.