Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 439 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирусту
Бишкекте — 166,
Ош шаарында — 17,
Чүй облусунда — 55,
Ош облусунда — 24,
Талас облусунда — 17,
Нарын облусунда — 11,
Ысык-Көл облусунда — 45,
Жалал-Абад облусунда — 52,
Баткен облусунда 52 адам жуктуруп алган.
Ошол эле учурда бир күндө 512 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Бишкекте — 118,
Ош шаарында — 33,
Чүй облусунда — 57,
Ош облусунда — 77,
Талас облусунда — 8,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда — 23,
Жалал-Абад облусунда — 108,
Баткен облусунда 86 киши айыкты” – деп айтылат маалыматта.
Ал эми, коронавирустан бир күн ичинде 3 киши каза болгон: үчөө тең Бишкек шаарында.
Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 478 бейтап, үй шартында 3 миң 615 киши дарыланууда.
Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда үй карантининен 9, стационарлардан 2 медицина кызматкери айыгып чыгарылган.
Бүнүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 635 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 398 медкызматкер айыгып чыкты.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 61 миң 748ди түзөт. Алардын ичинен 52 миң 855 адам айыгып чыккан, 1 миң 170 киши каза болгон.