Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында Россиянын жогорку окуу жайларынын 1-курсунун студенттери тынчтык митингин өткөрүштү.

Студенттер Россияга кете албай  жатканын айтып чыгышты. Алар чартердик рейске бир учак бөлүп берүүнү суранышат.

Митингге чыккандардын арасында Россиянын ар кайсы шаарларындагы: Санкт-Петербург, Пенза, Казань, Новосибирск, Москвадагы университеттерде окуган студенттер бар.

”Эгерде биз экзаменге катышпасак, 100 миң рублдан ашык контракт төлөгөнүбүзгө карабастан, бизди автоматтык түрдө окуудан чыгарып салышат. Ар кимдин контрагы ар кандай болот, мисалы меники 500 миң рубль” – дейт митингге катышкан студент.

Студенттер өз талаптарын тышкы иштер министрине жөнөтүшөт. Алар студенттердин толук тизмесин түзүп, 200дөй адам болгонун айтышты.