Баткенде  ММКнын өкүлдөрү сыйланды. Бул  тууралуу  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов 7-ноябрь Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата, Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамдары менен куттуктады.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө “журналисттер жаңылыктын жана жакшылыктын жарчысы. Коомдо болуп жаткан ар бир окуялар, өзгөрүүлөр, сиздер аркылуу элдин калың катмарына жетет. Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүү, элдин жашоо шартын жакшыртуу максатында, мамлекет тарабынан жасалып жаткан иш аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө, сиздердин аракетиңиздер баалоого арзыйт” деп белгиледи.

Журналисттердин кесиптик майрамдарына карата, бир катар ММКнын өкүлдөрү ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Ардак грамотасы” “Алкыш барагы” жана “Баткен облусуна 20 жыл” мааракелик медалы жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.