Айсулуу Тыныбекова Варшавадагы “Poland Open” мелдешиндеги биринчи кармашында жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, ал орусиялык балбан кыз Ульяна Тукуренова менен күрөшүп, аны 12:3 эсебинде жеңип алды.

Маалым болгондой,  мелдеш Польшанын Варшава шаарында 4-ноябрь күнү башталган. Ал 8-ноябрь күнү жыйынтыкталат.

Эске салсак, кыз-келиндер арасындагы кармаштар 6-7-ноябрь күндөрү болот. Ага Кыргызстандан Айсулуу Тыныбековадан тышкары Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нураида Анаркулова (57 кг)Назира Марсбек кызы (59 кг) катышууда.