Социалдык тармактарда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин No47 түзөтүү колониясынын короосун эркин аралап жүргөн сүрөтү пайда болду.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал УКМКнын СИЗОсунда кармалып турган. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда Алмазбек Атамбаев бошотулган. 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингге чыгып, эртеси дагы кармалган. Атамбаев Бишкектеги СИЗО-1ге которулгандан кийин нааразычылыгын билдирип ачкачылык жарыялаган