Кыргызстан аймагында №2 форма эми колдонулбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 6-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, №2 форма боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.

“Ага ылайык, өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандар гана №2 форма боюнча добуш бере алат. Калган категориядагы жарандар өз шайлоо тилкелеринде гана добуш берет. Бирок бул мыйзам күчүнө кире элек”, – деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырылып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапкан. Каршы добуш бергендер болгон эмес.

Бул мыйзам долбоорун депуттар Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаевдер демилгелеген.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоорунда 7 пайыздык босогону 3 пайызга, 5 миллион күрөөнү 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү жана №2 форма менен добуш берүүгө чектөө киргизүү каралган.