Бишкекте үйдү тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кечээ саат 5.00дөр чамасында милицияга үйдү тоноп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. 20-25 жаштагы эркек киши анын үйүнө кирип, бычак менен коркутуп, 16 400 сомун уурдап, качып кеткенин айтып,  жабырлануучу  арыз менен  кайрылган.

БЭКБ кызматкерлери тарабынан 23 жаштагы шектүү кармалып, Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.