Араван районун аймагында жашы жете электер арасында «Алдын алуу күнү» өткөрүлдү

Араван районунун аймагында 2020-жылдын 6-ноябрь күнү жашы жете электер арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Алдын алуу күнү» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралууу   Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жана Араван РИИБдин жашы жетеэлектер менен иштешүү инспекциясынын инспекторлору , билим берүү мекемелердин соц.кызматкерелери, райондогу балдарды коргоо мекемесинин окулдору, жергиликтуу бийлик органдары менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, кароосуз калган, ата-энелери эмгек миграцияда жүргөн жашы жете элек балдарды аныктап, алар менен профилактикалык иш чаралар жүргүзүлдү.

Ошондой эле Араван районун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин мыйзамсыз пайдалануулардын, ден-соолугуна, дене бой, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында рейд өткөрүлүп, натыйжада автоунаа оӊдоочу, эмерек жасоочу жана коомдук тамактануучу жайларда иштеген 10 жашы жете электер аныкталып, Ош ОИИБдин Жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу борборуна(ЖУАБ) жеткирилип, алардын ата-энелери чакыртылып алар менен түшүндүрүү  иштери алынып барылды.

Жогоруда аталган иш чаранын жүрүшүндө түнкү рейд уюштурулуп, рейд учурунда түнкү убакытта кароосуз көчөдө жүргөн 12 жаш өспүрүм аныкталган. Алардын ата-энелерин чакыртылып, түндөсү балдарды жалгыз көчөгө чыгаруу кооптуу экендигин түшүндүрүп, ата-энелерине кошуп берилди.