Тарых жана ата бабаларды эскерүү иш чарасына Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Иш чара алгач, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салым кошкон Улуу мамлекеттик ишмерлер Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиевдердин эстелигине гүл чамбарларды коюу менен башталды.

Ыйгарым укуктуу өкүл сөз сүйлөп, “Ата бабаларыбыз, биздин бүгүнкү бакубат жашообуз үчүн опол тоодой эмгек жасап, элибиздин эркиндиги үчүн кылымдар бою күрөштү. Биз эми аларды ар дайым эмгегинен эскеребиз.

Келечек муунга даңктайбыз. Аталарды ар дайым эстеп туруу, алар баскан улуу жолду улоо, ыйык парзыбыз”деп белгиледи.

Иш чаранын соңунда ата бабалардын элесине арналып куран окулуп, бата кылынды.