Азиянын эки жолку чемпиону  жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Мээрим Жуманазарова Польшадагы мелдеште алтын медалдын ээси болду.

Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмактагылар арасындагы мелдеште күч сынашты.

Жуманазарова Польшадагы Poland Open эл аралык мелдешинде Россия жана Түркиялык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште Польшалык атаандашын жеңип, алтын медаль тагынды.

Буга чейин, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова финалда орусиялык балбан Анжелага каршы күрөшүп, 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медалды жеңип алганы маалым болгон. 

Эл аралык мелдешке Мээрим Жуманазаровадан тышкары Кыргызстандан Айпери Медет кызы (76 кг), Нураида Анаркулова (57 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) катышып жатканы белгилүү болду.