Мурунку Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Джо Байден менен Камала Харристи АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

«Урматтуу Джо Байден жана КамалаХаррис! Сиздерди татыктуу жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Биз, Кыргызстан, дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле, мамилебизди барактап, жаңыдан баштоону чыдамсыздык менен күтөбүз.

Дүйнө дагы Америкага суктангысы келет! » — деп айтылат Роза Отунбаеванын билдирүүсүндө.

Камала Харрис буга чейин Джо Байдендин штабы тарабынан АКШнын вице-президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн.