Борбор калаанын “Орто-Сай” базарында ири өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө төрт бригада, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа, ыкчам топ, штаб, мындан тышкары, ИИМден 10 кызматкер, Тез жардам кызматы тартылган.

ӨКМдин маалымат кызматы өрт саат 02:16да чектөөгө алынганын билдирди. Бул өрттүн андан ары өрчүшүнө жол берилген жок дегенди түшүндүрөт.

Кырсык тууралуу Өрт өчүрүү кызматына 9-ноябрга караган түнү чакыруу түшүп, саат 00:18де алгачкы биригада чыгып кеткен.

Азырынча жаракат алган адамдар туурасында так маалымат жок.

Белгилей кетсек, “Орто-Сай” базары Бишкектин түштүк тарабында Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бул жерде кийим-кече, азык-түлүк жана тиричилик каражаттары сатылат. Калаадагы ири базарлардын бири.