Президенттин милдетин аткаруучу, Ппремьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Жогорку-Нарын ГЭС каскадына» барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилесек, «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөрү аралык келишимге ылайык катталган, бирок кыргыз тараптан келишимдин денонсацияланышына жана анын иштөөсү токтотулгандыгына байланыштуу, 2016-жылдын 9-августунан ушул күнгө дейре долбоордук-изилдөө жана курулуш-монтаждык иштери токтотулган.

Садыр Жапаров вахталык кыштакчанын жана «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коомунун мүлкүнүн абалы менен таанышты, учурда аны Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругуна ылайык, «Электр станциялары» ААК коргоого алган.

«Электр станциялары» ААК төрагасы президенттин милдетин аткаруучуга «Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын» учурдагы абалы жана анын тегерегиндеги соттук териштирүүлөр туралуу маалымат берди.

Президенттин милдетин аткаруучу «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» курулушу, ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров энергетикалык объектке байланыштуу сот ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты өз убагында билдирип турууну тапшырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.