Мектептердин жана жогорку окуу жайларынын салттуу режимге кайра өтүү процесси толук эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди. 

Министрдин айтымында мектеп окуучуларынын, жогорку окуу жайларынын жана колледждердин ишин жандантуу максатында министрлик башка ведомстволор менен биргеликте бир топ варианттарды иштеп чыккан. 

Биринчи вариант: Толук онлайн режимде улантуу.

Экинчи вариант: Айрым сабактарды онлайн, айрымдарын офлайн режимде окутуу.

Үчүнчү вариант: Толук салттуу режимге өтүү.