Бүгүн, 9-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары ачкачылык жарыялашып, плакаттар менен Ак үйгө келишти.

Митингчилер Алмазбек Атамбаевге жана башка саясий туткундарга карата акыйкат чечим чыгарылышын жана соттор ачык болушун талап кылышууда.

Ошондой эле алар парламенттик шайлоону өз убагында өткөрүүнү талап кылышууда, анткени Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына ишеним жок” – деп кошумчалашты митингчилер.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш ишине: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча тиешеси бар. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган. 

Белгилей кетсек, жогорку Сот 21-октябрда Атамбаевдин Батукаевдин ишине байланыштуу өкүмүн карашы керек болчу, бирок сот отурумун 16-ноябрга жылдырган.