Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын облусунун эли менен жолугушту.

Садыр Жапаров эл алдында сүйлөп жатып, аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканын региондорун кыдырып жатканын билдирди.

«Элдин үнү эч качан бийликке жетпейт, бурмаланган учурлар дагы болот, кээде бийлиги бар адамдар көз алдында эмне болуп жаткандыгын билишпейт. Мен ар бир жарандын үнүн угайын, элибиз кандай жашарын көрөйүн, эмне маселелери бар экенин билейин деп келдим. Мамлекеттик бийлик органдарына болгон элдин ишенимин кайтаргым келет », — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле эл оозунан чыккан «ачуу чындыкты» угууга жана көп жылдардан бери Нарын облусунун калкынын топтолуп келген көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Президенттин милдетин аткаруучу менен жолугушуу учурунда эл көптөгөн суроолорду берди, тактап айтканда, Садыр Жапаровдон региондо электр энергиясынын баасын төмөндөтүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, жерди трансформациялоо жана социалдык маселелерге өзгөчө көңүл бурууну суранышты.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга Нарын облусунун калкы көтөргөн ар бир маселени карап чыгууну, ошондой эле кыска убакыттын ичинде аларды чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.