Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелген эки адамды кармады. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөндөй, 20-октябрда саат 18.30 Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Daewoo Matiz менен кагышкан. Биринчи автоунаанын артынан ушул эле маркадагы дагы бир унаа келип, андан медициналык бет кап кийген белгисиз үч адам чыккан.


«Алар Daewoo Matizдин айдоочусуна келип, аны ок атуучу курал менен коркутуп, 5 миллион 186 миң сом, 2,5 миң доллар жана 130 миң рубль алып кетишкен. Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык полиция кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү Кара-Суу районунун Фуркат айылынан кармашты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди », — деп билдиришти РИИБден.