Украинанын президенти Владимир Зеленскийден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди. 

«Дүйнөдө COVID-19 коркунуч жаратпаган бир да бактылуу адам жок. Бардык карантиндик чараларга карабай менин тапшырган анализим оң жыйынтык берди. Дене табым 37,5 градус. Ошондой болсо да өзүмдү жакшы сезип жатам. Обочолонууда болом деп сөз берем. Ишимди болсо улантып жатам. Көпчүлүк COVID-19ду жеңип жатат. Мен дагы аны жеңем. Бардыгы жакшы болот», — деген билдирүүсүн калтырган.