Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери аймактык бөлүктөр менен биргеликте бир нече автоунааларды айдап качкан шектүүлөрдүн өздүгүн тактап, кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

2020-жылдын 6-ноябрь күнү милицияга автоунаанын уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Шаардагы кичирайондордун биринде түнчүндө белгисиз адамдар кырк төрт жаштагы жаранга таандык «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааны уурдап айдап качып кетишкен.  Аталган факты КЖБРге катталып, Биринчи май райондук ИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автомототранспорттук  каражаттарды айдап качуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Андан сырткары,  ушундай эле фактылар менен башка жабырлануучулар милицияга кайрылгандыктан,  жогорудагы кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында ыкчам  иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мүлктүк кылмыштарга каршы күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тартылган.

Милиция кызматкерлери бир нече божомолдордун үстүндө иштеп, шектүүлөрдүн кайда жүргөн жерин аныкташкан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери менен Биринчи май райондук ИИБдин КМКсы  Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам кызматтарына уурдалып бара жаткан автоунаа менен шектүүлөр Бишкек-Ош жолу менен бара жаткандыгы тууралуу маалымат беришкен. Таш-Көмүр шаарынан Жалал-Абад ОИИБдин ЖККБнын инспекторлору менен  Таш-Көмүр ШИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушуп, Ош облусунун тургундары С.А. менен А.Р. кармалган. Экөө тең жашы жете элек өспүрүмдөр болушат. Биринчиси тоноо үчүн соттолгон.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандар Бишкек шаарынын аймагында «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааларды уурдоо боюнча 4 фактыга тиешеси бар. 3-ноябрь күнү түнчүндө алар бул үлгүдөгү автоунааны айдап качып кетишкен. 5-ноябрь күнү түнчүндө Сельпов көчөсүнөн дагы  айдап качып кеткен факты катталган. 5-ноябрь күнү таңында «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааны Ак- Босого жаңы конушунан айдап качып кетишкен. Кармалгандар айдап качып кетишкен автоунаалардын айрымдарын жол кырсыгына учуратып, талкалашып, таштап кетип жүрүшкөн. Автоунаалардын ичинен буюмдарды дагы уурдап кетишкендиги дагы белгилүү. Болжолдуу алдын ала маалыматтар боюнча акыркы айдап качып кетишкен автоунааны сатууну көздөшкөн.

Учурда бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.