Алгачкы COVID вакцинасы пайда болду, ал 90 пайыз натыйжалуулугун көрсөттү

Америкалык Pfizer компаниясы жана Германиянын BioNTech компаниясы тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцина COVID-19дан коргоодо 90 пайыз натыйжалуулугун көрсөттү дешти иштеп чыгуучулар.

Алар бул окуяны илим жана жалпы адамзат үчүн улуу күн деп аташты.

“Вакцинанын статусуна ээ болуучу талапкердин COVID-19 инфекциясын алдын алууда 90% дан ашык натыйжалуу экени аныкталды”, – дейт компания.

Клиникалык сыноолордо 43,5 миң адам дүйнөнүн алты өлкөсүндө катышкан, терс таасирлери байкалган эмес.

 Pfizer жылдын акырына чейин 50 миллион доза вакцина түзө алабыз, ал эми 2021-жылдын аягына чейин болжол менен 1,3 миллиард вакцина жасай алабыз деп ырастоодо.

Иштеп чыгуучулар чукул күбөлөндүрүү процедурасына кайрылууну пландаштырууда.

АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланган Moderna менен катар Pfizer вакцинанын клиникалык сыноолорунун акыркы, үчүнчү этабын өткөрүүдө. АКШ бийлиги бул вакцинанын ири көлөмүн сактап койгон жана дары-дармектерди колдонууга уруксат берилери менен аны өлкө боюнча жайылтууга даяр.