Акыркы суткада дагы 570 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, 3 бейтап каза  болсо,     5 медициналык кызматкер  илдет жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Бишкек шаары — 121;
Ош шаары — 114;
Чүй облусу – 85;
Ош облусу — 30;
Талас облусу — 21;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 51;
Жалал-Абад облусу – 61;
Баткен облусу — 82.

Республика боюнча илдетке кабылгандардын жалпы саны 63 миң 960 болду.

Соңку суткада коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 3 жаран каза болду. Муну менен өлкө боюнча илдеттен каза болгондордун саны жалпы 1 миң 185 адам болду.

Каза болгондордун экөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда катталды.


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Талас облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 3.

Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу 3 миң 654 медицина кызматкерине коюлуп, алардын ичинен 3 миң 445и сакайды.