Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөк тамырларын текшерүүдөн өткөрдү. Ага стенттик операция керек. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, мурунку саламаттыкты сактоо министри коронардык ангиографиядан өткөн. Буга чейин  Чолпонбаевдин кан кетүү коркунучу жогору болгондуктан  жасалган эмес.

«Ал стенттен өтүшү керек. Бул бекер эмес. Эгерде ал каржы маселесин бүгүн же эртең чечпесе, биз аны кайра жөнөтөбүз. Чолпонбаев каржы маселесин шейшемби күнгө чейин чечем деди. Бирок бүгүн иш күнү эмес, эгер эртең чечпесе, анда ал артка кайтууга (тергөө абагына) аргасыз болот.  Биз оорулууну оор абалдан алып чыктык «, — деди Сарыбаев.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго Чолпонбаевдин ден-соолугу кескин начарлап, өмүрүнө коркунуч келтирип жатат деген маалымат түшкөн. Ал Улуттук Кардиология жана Миокард Инфарктын Терапия Борборуна жаткырылган.