Алматылык окуучуларга экинчи чейректен баштап салттуу билим берүү форматына өтүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Tengrinews агенттиги жазды.  

Экинчи чейректе 300гө чейин окуучусу бар мектептерге уруксат берилген. Бир класста 15ке чейин окуучу болушу каралган. Мындай шартта 1-11-класстар билим берүү мекемелерине кайтып келе алышат. Бул тууралуу Алматы шаарынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Жандарбек Бекшиндин жаңы жарлыгында айтылат.


«2020-2021-окуу жылынын экинчи чейрегинен баштап 300гө чейин окуучу контингенти бар шаар мектептеринде салттуу форматта сабак өтүүгө болот. Шаардык мектептердеги нөөмөттөгү класстарда билим берүү 1-класстан 5-класска чейин, эл аралык мектептерде 7-класска чейин, ата-энелердин арызы боюнча, сабактардын толук топтомун эске алуу менен, 15 баладан ашпашы керек «, — деп айтылат маалыматта.