Кыргызстанда 11-ноябрдан баштап 1 миң 489 жалпы билим берүү мекемелери реалдуу режимде окутууну жандантты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1-6, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке бара тургандыгы көрсөтүлгөн.

«Эки жуманын ичинде мектептерде үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, реалдуу режимде окутуу калыбына келтирилет. Туруктуу кырдаал жана мониторингдин жакшы натыйжасы менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттыкты сактоо органдарынын уруксаты менен, калган класстарга реалдуу режимде окууга уруксат берилет », — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.

Мектептердин тизмеси:

Нарын облусу – 142;

Жалал-Абад облусу – 220;

Баткен облусу – 177;

Ош облусу – 434

Ысык-Көл облусу – 160;

Талас облусу – 77;

Чүй облусунда – 279 мектепте окуу жанданат.