С.Жапаров Кыргызстанда шайлоо таза жана атаандаштыкта өтөрүн айтты

Президенттин м. а Садыр Жапаров Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышып отурган лидерлерге Кыргызстанда шайлоо таза жана атаандаштыкта өтөрүн айтты.

“Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Аны таза жана атаандаштыкта өткөрүү — өлкөдөгү мындан аркы туруктуулуктун кепилдиги. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү”, — деген

Эске салсак, Кыргызстанда президенттиктен кийин эле Жогорку Кеңешке шайлоо болот.