Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында жемкорлукка жана экономикалык кылмыштуулукка каршы биргелешкен орган түзүү зарыл деп эсептейт. Мындай сунушун 10-ноябрда ШКУнун саммитинде президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди:

“Уюшкан кылмыштуулук, коррупция жана экономикалык кылмыштар боюнча маселелердин актуалдуулугуна байланыштуу кыргыз тарап ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык кылмыштарга каршы органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси түрүндөгү механизм түзүүнү сунуш кылат”.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл ШКУ саммити видеоконференция форматында өтүп жатат. Жыйынды уюмда быйыл төрагалык кылуучу мамлекет – Орусиянын башчысы Владимир Путин алып барууда.

Путин Жапаровдун сунушун колдоп, экономикалык кылмыштарга каршы биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи:

”Интеграция шартында маалымат алмашуунун, акча которуунун заманбап ыкмалары, стартаптар көпчүлүк учурда коркунуч зонасында болот. Ошондуктан бул багытта биргелешип иштөө өтө маанилүү”.

29-октябрда Жапаров өкмөттүн жыйыныда коррупцияга каршы күрөшүү өтө татаал болуп жатканын айткан.