Бүгүнкү маегибизге коомчулуктун колдоосуна, жарандардын жылуу пикирлерине жана ыраазычылыктарына ээ болуп жаткан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББи боюнча  Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын улук инспектору катары иштеп жаткан милициянын лейтенанты  Кубанычбекова Жылдыз Кубанычбековнаны кепке тарттык.

-Жылдыз Кубанычбековна, ички иштер органдарына кызмат өтөөгө сизге ким түрткү болду?

-Менин ички иштер органдарына өз калоом менен келгем жана эч өкүнбөйм. Ички иштер органдарында иштеп жүрүп, бекем тартипке, жоопкерчиликке жана тактыкка үйрөндүм. Өзүмдүн чөйрөмдөгү адамдардан дагы ушуну талап кылам. Бирок муну менен кошо кыргыз аялзатына тиешелүү болгон назиктикти, аруулукту кошо алып жүрөм. Жаңыдан жумушка орношуп жатканымда ата-энем ар тараптан колдоолорун көрсөтүп, эч каршылык көрсөтүшкөн эмес. Ак батасын берип, бул жолду тандагандан соң, кийген формаңды сыйлап, ишиңе жоопкерчилик менен мамиле кылгын деген талаптарын койгон. Мен ички иштер органдарындагы эмгек жолумду  ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын (учурдагы ИИМдин Күзөт кызматы) Ысык-Ата районундагы күзөт бөлүмүнөн баштагам. Кийин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББи боюнча  Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын бош кызмат  орундарына конкурс жарыяланып калды. Конкурска катышууну чечип, биринчи турдун бардык этаптарынан ийгиликтүү өтүп кеттим. Учурда Милициянын кайгуул кызматы башкы башкармалыгында улук инспектор катары иштеп жатам. Ушуга эле катар, билимимди жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясына сырттан окуу бөлүмүндө окуудамын. Ички иштер органдарында иштегениме 5 жылдын жүзү болду.

-Милицияда иштеш үчүн аялзаты кандай сапаттарга ээ болуш керек?

-Мен милицияда иштөө бала кезимден берки изги кыялым болчу.   Атамдын ички иштер органдарында иштеген бир тууганын көрүп, кийген формасына суктанып кала берчүмүн. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин ички иштер органдарында иштөөнү чечип, кызматка орношком. Мүнөзүм дагы иштеген ишиме шайкеш келгендиктен, кесиптештерим менен бат тил табышып кеттим. Курч мүнөз, жоопкерчилик,  күжүрмөндүк, чечкиндүүлүк,  жамаат менен иштеше билүү, туруктуулук, ийкемдүүлүк бул ар бир кыргыз аялзатында калыптанып калган мүнөз.  Ички иштер органдарында дагы ушул сапаттар керек.  

-Милицияда аялдарга орун жок, аялдын орду үйдө деген пикирлерге кандай карайсыз?

-Сиз сөз кылып жаткан суроого мындай деп жооп берет элем.  Милицияда аялдарга орун жок, аялдын орду үйдө деген бул жаңылыштык. Учурда ички иштер органдарында жетекчилик курамда иштеген милиция айымдар дагы көп. Биз өз ишибизге көбүрөөк жоопкерчилик менен мамиле кылабыз, өзүбүзгө талапты катуу коебуз.  Ошондой эле, жарандар арыз-даттануу, билдирүүлөр менен кайрылганда көбүнчө милицияда иштеген айымдарга ишеним көрсөтүшөт. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында кызмат өтөп жаткан айымдарды алсак, алар дагы мырзалар менен кошо шаар аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыздашып, жол кыймылын көзөмөлдөп жаткандыгын көрөсөңүздөр болот.

Маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы