Бүгүн, 12-ноябрь күнү Кыргызстандын мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков каза болду. Бул маалыматты министрликтен ырасташты.

Айрым маалыматтарга караганда, Исаков пневмония менен ооруган.

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Жаңы-Ноокат айылында төрөлгөн. 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Ал 2019-жылдын 11-сентбрынан баштап 2020-жылдын 14-октябрына чейин Кыргызстандын билим берүү министри болгон.