Президенттик шайлоодон өтпөй калсам, менин тарапташтарым митингге чыкпайт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал шайлоо таза өтүшү керектигин белгиледи.

“Биздеги үч революция тең шайлоонун айынан келип чыккан. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу болсо, журналисттер сиздер ачыкка чыгарып, жазып туруңуздар”, — деди ал.

Ал президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн блокчейн системасын киргизүү боюнча иштер жасалып жатканын айтып, президенттик шайлоого чейин ал иштер бүтпөй калса, блокчейн системасы парламенттик шайлоодо киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.