Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов сыртка чыгарган мүлкүн кайтарып, келтирилген чыгымдын ордун толтуруп берейин деп сунуштады. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Белгилүү болгондой бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а С.Жапаров журналисттрге маалымат берүүдө.

Ага журналисттер тарабынан Райым Матраимовдун бошотулушу боюнча суроо берилди.

«Матраимов аны камагандан эч кандай пайда чыкпасын айтып, андан көрө сыртка чыгарылган каражатты кайтарып, чыгымдын ордун толтуруп берүүнү сунуштады. Аны камап койгонубуз бюджетке бир тыйын алып келбейт. Мен УКМКнын жетекчилигине кайрылып, бул тууралуу өтүнүч кылгам. Бул дүйнөлүк практика, алган нерсени кайтарып бериш керек», — деди Жапаров.

Эске салсак, 20-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов кармалган. Кийин ал бюджетке келтирген зыяндын ордун толтура баштаганы кабарланган. Сотто баш коргоо чарасы каралып, сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен үйүнө жиберилген.