Президенттин м. а  премьер-министр Садыр Жапаров бир тууган эжеси Райкүл Жапарова жана ал тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айткандары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Эркин Асрандиевдин эжем боюнча жазганын окудум. Банкты жетектеген, акчаны чыгарып кеткен деген экен. Бул өзү толук маалыматы жок, ошол убакта мага оппонент катары жүргөн саясатчы экенин билдим. Мунун баары, менин эжекем боюнча саясий буюртма болгон. Кылмыш иши буюртма менен ачылган, бул сыр эмес. Барып, таанышып көрсөңүздөр болот. Эгерде сиздерди кызыктырса, өзүм деле көчүрмөлөрүн алып сиздерге берсем болот. Ошол жерден анан көрөсүздөр. Бул да саясий куугунтук. Мени 8-10 жыл куугунтуктады. Мени эле эмес, бүтүндөй бир туугандарымды, үй-бүлөмдү, жакын досторумду куугунтуктады. Кызматтан алды. Кээ бирөө качып чет өлкөдө жүрүштү. Менин бир тууган эжем да ошондой болгон. А бул Асрандиев банк жоюлган кезде консерватор болгон турбайбы. Ошондо козголгон кылмыш ишин окуп алып эле… Биринчи жазганга жамандаса эле элдин баары ишене берет эмеспи. Убакыт өтүп чындык чыкканда кайра ойлонуп калышат», — деди Жапаров.