Бул тууралуу ал өзү социалдык баракчасына жазды. Анын айтымында  президенттик шайлоого катышуу тууралуу арызды бүгүн берген.


“Урматтуу мекендештер!

Мен бүгүн 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер болуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бердим.

Биринчи кезекте менин талапкерлигимди коюумду суранып, ниетимди колдоп, ушул жоопкерчиликти көтөрүүгө мени ылайык көргөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чоң рахмат, кымбаттуу достор жана тарапташтар!

Сиздердин мага жүктөп жаткан жоопкерчиликти алуу мен үчүн оңой болгон жок. Бизди узак, машакаттуу, бирок туура жол күтүп турат”,- деген ал.