Араван районунда опузалап акча алып жаткан учурда 31 жаштагы жаран кармалды . Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдирди.

 2020-жылдын 12-ноябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана  мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын  кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунда коронавирус жугуштуу илдетине каршы күрөш жүргүзүп жатышкан Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымдары И.Х жана М.Г аттуу кызматкерлерин жогорудагы илдетке байланыштуу туура эмес тактаманы (справка) кечиктирип бердиң деп белгисиз атуул коркутуп, жумушуңардан алдыртып саламын деген сөздөрдү айтуу менен 100 000 (жүз миӊ) сом өлчөмүндө акча бересиңер деп опуза талап кылып жаткандыгы жөнүндө маалымат алынган.

Алынган ыкчам маалымат боюнча тез арада мыйзам чегинде чара көрүү максатында бул факты Ош ОИИБдин КЖБРне катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган окуя боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө аракеттери көрүлүп, иш боюнча акчалай опуза талап кылган атуул Араван районунун А.Анаров айыл аймагынын тургуну 31 жаштагы К.Ф.И экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Ф.К., буга чейин медайымдардан  опузалап 31 000 (отуз бир миӊ) сом өлчөмүндө акча каражатын алган, аны менен тим болбостон кылмыштуу аракетин улантып И.Х жана М.Гдан опуза талап кылып жүргөн акчасынын бир бөлүгү 20 000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып чыгып бара жаткан жеринен Ош ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө кызматкери менен кароо учурунда, андан опуза талап кылып алынган акча каражаттары толугу менен алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалды.

Иш боюнча шектүү катары кармалган Ф.К жүрүм-туруму боюнча башка Кыргыз Републикасынын  аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдарына катыштыгы бар, жоктугу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Азыркы учурда иш боюнча тийиштүү ыкчам тергөө амалдары улантылып, калган башка кылмыштуу аракеттерин аныктоого багытталган иш-чаралары улантылууда